# 8-статья. Кооперативди түзүүнүн тартиби

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах""](https://aqlex.ai/kg/doc/112690)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456#diff=1292561..1292562>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 8-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-8

---

1. Кооператив түзүүнү каалаган жеке жана юридикалык жактар кооперативди түзүү максатында уюштуруу комитетин түзүшөт жана анын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) кооперативдин уставынын долбоорун даярдоо.

2) кооперативдин уюмдаштыруу чогулушун даярдоо жана өткөрүү.

2. Уюмдаштыруучулар кооперативди түзүү боюнча уюштуруу чыгымдарын жабуу максатында кирүү акыларынын жана мүчөлүк акылардын өлчөмүн белгилөөгө укуктуу жана алардын пайдаланылышы жөнүндө кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда отчет берүүгө милдеттүү.

3. Кооперативдин мүчөлөрүнүн уюмдаштыруу чогулушу:

1) кооперативди түзүү жана кооперативге мүчөлүккө кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алат;

2) кооперативдин мүчөлөрүнүн реестрин түзөт, анда булар көрсөтүлөт: жеке жактар үчүн - фамилиясы, аты - жөнү, туулган жылы, дареги; юридикалык жактар үчүн - алардын аталышы жана юридикалык дареги, ар бир мүчө билдирген жана кошкон үлүштүк мүчөлүк акылардын саны, кооперативдин мүчөлөрүнүн койгон колу;

3) бир үлүштүн наркын аныктайт;

4) кооперативдин уставын бекитет;

5) кооперативдин башкаруу органдарын шайлайт.

4. Өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд түзүү жана устав менен анын суммасын жана мүлкүнүн үлүшүн аныктоо керек, ал жок болсо, юстиция органдарында каттоого мүмкүн эмес.

(КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-9)
