# 7-статья. Мамлекет жана кооперативдер

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 7-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-7

---

1. Кыргыз Республикасы кооперативдердин жана алардын мүчөлөрүнүн укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын кепилдейт. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кооперативдердин өнүгүүсүнө жана чыңдалышына көмөк көрсөтөт, финансылык-кредиттик уюмдар кооперативдерге кредиттик натыйжалуу кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.

2. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, кооперативдердин чарбалык ишине кийлигишүүгө жана финансылык иштерине текшерүү жүргүзүүгө укуксуз.

3. Мамлекеттик жана башка органдардын, болбосо алардын кызмат адамдарынын кооперативдин укугун бузган мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында, ошондой эле мындай органдардын, болбосо алардын кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кооперативдерге карата белгиленген милдеттерди тийиштүү түрдө аткарбагандыгынын натыйжасында кооперативге келтирилген чыгымдар ал органдар тарабынан орду толтурулууга тийиш. Андай чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө талаштар сотто каралат.

II глава Кооперативди түзүү

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-8)
