# 51-статья. Турак жай, турак жай-эксплуатациялык же турак жай-курулуш кооперативдерин түзүүнүн жана ишинин өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 51-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-51

---

1. Өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдери жашоо үчүн багытталган кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн гана түзүлөт. Иштин башка түрлөрү каралбайт.

2. Өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативинин фирмалык аталышы "өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативи" деген сөздөрдү камтышы керек.

3. Турак жай, турак жай-эксплуатациялык же турак жай-курулуш кооперативинин мүчөсүнүн үлүштүк мүчөлүк акысы кооперативдин үлүштүк фондуна акчалай эквивалентте төлөнөт. Акчалай баага ээ болгон мүлк үлүштүк мүчөлүк акы катары салынышы мүмкүн. Үлүштүк фонддун максаттуу багыты - кооперативдин мүчөлөрү үчүн турак жай сатып алуу же куруу үчүн гана. Үлүштүк фонддун эсебинен кооперативдин чыгымдарын жабуу же аны карап күтүү каралбайт.

(КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-5)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-6)
