# 35-статья. Ушул Мыйзамдын колдонууга киргизилиши жөнүндө

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 35-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-35

---

1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып "Кооперация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп эсептелсин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж. № 9, 439-ст.).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айдын ичинде кооперативдерге салык салуу боюнча сунуштарын киргизсин жана өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

4. Кооператив формасында түзүлгөн, ушул Мыйзамдын талаптарына жооп бербеген юридикалык жактар ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин бир жылдын ичинде өздөрүнүн уюмдаштыруу документтерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө милдеттүү.

5. Мурдагы совхоздор менен колхоздордун базасында түзүлгөн кооперативдер ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган менен бирге ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып бир жылдын ичинде баштапкы уюмдаштыруу документтерин совхоздор менен колхоздорду мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү учурунда колдонулган мыйзамдарга ылайык келтирсин.

Кооперативдер ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып бир жылдын ичинде кооперативдердин уставдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-34)
