# 30-статья. Келишимдик милдеттенмелер

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 30-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-30

---

Кооперативдин анын мүчөлөрү менен алардын чарбалык ишти жүзөгө ашырууга байланышкан мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана кооперативдин уставынын талаптарына ылайык келишимдик негизде түзүлөт.

31-статья. Кооперативдин эсеп-кысабы жана отчеттуулугу

1. Кооператив бухгалтердик отчетуулукту, ошондой эле кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулуштарынын протоколдорун, кооперативдин башкармалыгынын жана кеңешинин жыйналыштарын тийиштүү түрдө жүргүзүүгө милдеттүү. Кооператив кооперативдин ар бир мүчөсүнүн өздүк эсептерин жүргүзүүгө жана анда булар көрсөтүлүүгө тийиш: кооперативдин мүчөсү жеке жактар үчүн - фамилиясы, аты-жөнү, жашаган жери, паспорттук маалыматтары, өзүнүн койгон колу жана үлүштүк мүчөлүк акыларынын өлчөмү; кооперативдин мүчөсү - юридикалык жактар үчүн - алардын аталышы, жайгашкан жери, банктык реквизиттери ж.б.

2. Кооператив жылдык отчетто жана бухгалтердик баланста камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн, ошондой эле мамлекеттик органдарга, кооперативдин мүчөлөрүнө берилген жана расмий басма сөз органдарында жарыяланган маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.

3. Кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен иш жүргүзгөн коммерциялык эмес кооператив жыл сайын 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө өткөн жыл үчүн жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ээликтен ажыратылган мүлк жөнүндө маалыматтарды жайгаштырат.

Маалыматты жайгаштыруу формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2025-жылдын 21-октябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-29)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-32)
