3-статья. Кооперативдер
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201
1. Кооперативдер кооперативдин уставында каралган биргелешкен чарбалык жана башка иштерди жүзөгө ашыруу үчүн ыктыярдуу негизде жеке жана юридикалык жактар тарабынан түзүлөт.
2. Эгерде кооперативдердин ишинин негизги максаты пайда алуу болуп саналса, алар коммерциялык кооперативдер катары (айыл чарба кооперативи, финансылык кооператив жана башка) же пайда алуу алар үчүн ишинин негизги максаты болуп саналбаган өздөрүнүн мүчөлөрүнүн кызыкчылыгында ишин жүзөгө ашыруучу коммерциялык эмес кооперативдер (турак жай-курулуш кооперативи, турак жай кооперативи, турак жай-эксплуатациялык кооперативи, өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативи жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн түзүлүүчү кооперативдердин башка түрлөрү) катары түзүлүшү мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1456/st-3" title="3-статья - Кооперативдер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>