# 29-статья. Кооперативдин жана анын мүчөлөрүнүн мүлктүк жоопкерчиликтери

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 29-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-29

---

1. Кооператив өзүнүн милдеттенмелери боюнча ага менчик укугуна таандык бардык мүлккө жооп берет жана кооперативдин мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

2. Кооперативдин мүчөлөрү кооперативдин милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт жана кошкон үлүштүк мүчөлүк акыларынын наркынын чегинде кооперативдин ишине байланыштуу чыгымдар боюнча тобокелди алышат.

3. Милдеттүү үлүштүк мүчөлүк акыларын толук кошпогон кооператив мүчөлөрү кооперативдин милдеттенмелери боюнча кооперативдин ар бир мүчөсүнүн милдеттүү мүчөлүк акысынын (үлүшүнүн) төгүлө элек бөлүгүнүн наркынын чектеринде бирдей жоопкерчилик тартышат.

4. Кооперативдин мүчөсүнүн күнөөсү боюнча кооперативге келтирилген чыгашалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана кооперативдин уставында белгиленген тартипте орду толтурулат.

5. Эгерде кооперативдин мүлкү жана каражаттары кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болгон учурда, кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими боюнча кооперативдин мүчөлөрү тарабынан кошумча мүчөлүк акыларды төгүү каралышы мүмкүн. Кошумча мүчөлүк акылардын өлчөмдөрү милдеттүү үлүшүнө пропорциялуу, болбосо кооперативдин уставында аныкталгандай башкача тартипте аныкталат.

Бул маселе боюнча чечим, эгерде кооперативдин уставында башкача каралбаса, кооперативдин бардык мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

6. Кооперативдин мүчөсүнүн өзүнүн карыздары боюнча өндүрүп алууну анын үлүштүк мүчөлүк акысынын эсебинен айландырууга, анда мындай карыздарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана кооперативдин уставында каралган тартипте жана мөөнөттөрдө жабуу үчүн башка мүлкү жетишсиз болгондо гана жол берилет.

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-30)
