# 26-статья. Кооперативдин капиталы

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах""](https://aqlex.ai/kg/doc/112690)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456#diff=1292561..1292562>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 26-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-26

---

1. Кооперативдин капиталы кооперативдин мүчөлөрүнүн үлүштүк мүчөлүк акыларынан, түзүлүүчү фонддордон жана бөлүштүрүлбөгөн пайдадан турат.

2. Үлүштүк фонд кооперативдин мүчөлөрү төгүүчү милдеттүү жана кошумча үлүштөрдүн эсебинен түзүлөт.

3. Кооперативдин фонддору кооперативдин пайдасынан түзүлөт. Фонддорду жана бөлүштүрүлбөгөн пайданы түзүүнүн жана сарптоонун тартиби кооперативдин уставында жана кооперативдердин ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

4. Кооперативдин капиталынын наркы бухгалтердик эсептин маалыматтарынын негизинде кооперативдин активдеринин реалдуу наркы менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырма катары аныкталат.

5. Эгерде кооператив финансылык жылдын натыйжалары боюнча фонддордун эсебинен жабылышы мүмкүн болбогон чыгаша тартса, анда кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу милдеттүү жана кошумча үлүштөрдүн наркын азайтуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

(КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-27)
