# 25-статья. Кооперативдин мүлкү

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 25-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-25

---

1. Кооператив ага мүчөлөрү үлүштүк мүчөлүк акы катары берген мүлктүн, ошондой эле өзүнүн ишинин жүрүшүндө өндүрүлгөн жана алынган мүлктүн менчик ээси болуп салналат.

2. Кооперативдин уставында кооперативдин мүлкүнүн белгилүү бир бөлүгү кооперативдин уставында аныкталган максаттарга пайдаланылуучу кооперативдин бөлүнбөс фондун түзөөрү белгилениши мүмкүн. Кооперативдин бөлүнбөс фондун түзүү жөнүндө чечим, эгерде кооперативдин уставында башкача каралбаса, кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна катышкандардын кеминде үчтөн экисинин добуштары менен кабыл алынат.

3. Кооперативдин бөлүнбөс фондун түзүүчү мүлк кооперативдин мүчөлөрүнүн үлүштөрүнө киргизилбейт.

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-26)
