# 23-статья. Кооперативдик кеңешинин мүчөлөрүнүн жана башкармалыгынын мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах""](https://aqlex.ai/kg/doc/112690)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456#diff=1292561..1292562>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 23-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-23

---

1. Кооперативдин кеңешинин мүчөлөрү жана башкармалыгынын мүчөлөрү кооперативдин кызыкчылыгында ак ниеттүүлүк жана акыл-эстүүлүк менен иш жүргүзүүгө тийиш. Алар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу өздөрүнө белгилүү болуп калган кооперативдин кызматтык жана коммерциялык сырын түзгөн маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

2. Кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүнүн жана башкармалыгынын мүчөлөрүнүн өз милдеттерин ак ниетсиз аткаруусунун, кеңештин мүчөлөрү жана башкармалыктын мүчөлөрү анын жыйынтыгында негизсиз байыган бүтүмдү жасоосунун кесепетинен улам, ошондой эле алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана кооперативдин уставын бузган учурда кооперативге келтирилген чыгымдардын орду кооперативге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулуп берилүүгө тийиш.

(КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-24)
