# 22-статья. Кооперативдин аткаруу органы

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 22-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-22

---

1. Кооперативдин башкармалыгы кооперативдин учурдагы иштерин жүзөгө ашыруучу, чарбалык жана башка мамилелерде кооперативдин атынан чыгуучу кооперативдин аткаруу органы болуп саналат.

Башкармалык кооперативдин кеңешине жана кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна отчет берет.

2. Кооперативдин аткаруу органдарын түзүү жана кайра чакыртып алуу кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу тарабынан жүзөгө ашырылат. Мүчөлөрүнүн саны 50гө чейинки кооперативдерде башкармалыктын мүчөлөрүнүн саны үчтөн кем болбоого, мүчөлөрүнүн саны 50дөн ашкан кооперативдерде - жетиден кем болбоого тийиш.

3. Кооперативдин башкармалыгынын мүчөлөрү кооператив мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу же кеңеши тарабынан кайсыл гана убакта болбосун ушул статьянын 2-пунктунун талаптарын эске алуу менен четтетилиши мүмкүн.

4. Башкармалыкты кооперативдин башкармалыгынын төрагасы жетектейт.

5. Кооперативге мүчө эместер дагы башкармалыкка төрага же мүчө боло алышат.

6. Кооперативдин ишин оперативдүү башкаруу маселелери, кооперативдин башкармалыгынын мүчөлөрүн жана (же) анын төрагасын шайлоонун (дайындоонун) жана милдетин аткаруудан четтетүүнүн, башкармалыктын курамын өзгөртүүнүн тартиби, алардын ыйгарым укуктары, шайлануучу мөөнөтү, башкармалыктын мүчөлөрүнүн жана анын төрагасынын милдеттери кооперативдин уставында жана анын ички актыларында аныкталат.

7. Кооператив тарабынан башкармалыктын мүчөлөрүнө доо талап коюлган учурда, кооперативдин таламдарынын атынан кооперативдин жалпы чогулушунда ыйгарым укук берилген адам чыга алат.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-23)
