# 21-статья. Кооперативдин кеңешинин компетенциясы

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2018 года № 70 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111810)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456#diff=1292559..1292561>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 21-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-21

---

1. Кооперативдин кеңеши кооперативдин аткаруу органдарынан алардын иши жөнүндө отчет талап кылууга, ошондой эле кооперативдин документтери менен таанышууга, кооперативдин кассасынын абалын текшерүүгө, инвентаризация жүргүзүүгө, ошондой эле кооперативдин уставында же ички актыларында белгиленген башка укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.

2. Кооперативдин кеңеши кооперативдин бухгалтердик балансы, жылдык отчету, жылдык пайданы бөлүштүрүү же жылдык тартыштыкты жабуу боюнча чаралар жөнүндө сунуштар боюнча корутундуларга жооптуу.

Кооперативдин кеңеши текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда бухгалтердик баланс бекитилгенге чейин кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна билдирүүгө милдеттүү.

3. Кооперативдин кеңеши кооперативдин ишине аудитордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

4. Кооперативдин кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарын башка адамдарга берүүгө укуктары жок.

5. Кооператив тарабынан кеңештин мүчөлөрүнө доо талаптар коюлган учурда кооперативдин таламдарынын атынан кооперативдин жалпы чогулушунда ыйгарым укук берилген адам чыга алат.

6. Кооперативдин уставында каралган учурларда, кооперативдин кеңеши кооперативдин мүчөлөрүнүн мүмкүн болушунча чукул арада чакырылуучу кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу чечим чыгарганга чейин, кооперативдин башкармалыгынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын убактылуу токтото турууга жана тийиштүү чечимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин алардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну өзүнө алууга укуктуу.

7. Кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн милдеттерин аткарбагандыктан же талаптагыдай эмес аткаргандыктан, мыйзамсыз бүтүмдөрдү жасагандыктан, ошондой эле алар тарабынан устав жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурларда алар кооперативге келтирилген чыгашанын ордун сот тартибинде толтурушат.

8. Кооперативдин кеңешинин компетенциясына тиешелүү маселелер алар тарабынан кооперативдин аткаруу органына чечүүгө өткөрүп берилбейт.

(КР 2018-жылдын 26-июлундагы № 70 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-22)
