# 20-статья. Кооперативдин кеңеши

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах""](https://aqlex.ai/kg/doc/112690)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.11.2023 [Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах""](https://aqlex.ai/kg/doc/112690); 26.07.2018 [Закон КР от 26 июля 2018 года № 70 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111810)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456#diff=1292561..1292562>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 20-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-20

---

1. Кооперативдин кеңеши кооперативдин мүчөлөрүнүн ичинен жалпы чогулуш тарабынан шайлануучу үч адамдан кем болбоого тийиш. Кеңештин чечимдерди кабыл алуусунун тартиби, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү кооперативдин уставында же кооперативдин башка ички актыларында белгиленет.

2. Кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жалпы чогулуштун чечими боюнча жана алар шайланган мөөнөт бүткөнгө чейин да токтотулушу мүмкүн. Мындай чечимди кабыл алуу үчүн кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна катышкандардын санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу талап кылынат.

3. Кооперативдин кеңеши кооперативдин аткаруу органынын ишине контролдукту жүзөгө ашырат.

4. Кооперативдин кеңешинин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок 3 айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт жана эгерде кооперативдин уставында башкача каралбаса, анын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот.

5. Кеңештин жыйналышында чечимдер, ушул статьянын 6-пунктунун 3-пунктчасында саналган маселелерден башкасы, кеңештин мүчөлөрүнүн жыйналышына катышкандардын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен кабыл алынат.

5-1. Кооперативдин кеңешинин жыйналышынын жыйынтыктары боюнча протокол түзүлөт, анда кеңеш кабыл алган бардык чечимдер камтылууга тийиш. Кооперативдин кеңешинин жыйналышынын протоколуна кеңештин жыйналышка катышкан бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлууга тийиш.

6. Эгерде уставда башкача каралбаса, кооперативдин кеңешинин компетенциясына төмөнкүдөй маселелерди кароо жана алар боюнча чечим кабыл алуу кирет:

1) үлүштүк мүчөлүк акылардын акчалай баасын бекитүү;

2) кооперативге мүчөлүккө кабыл алуу жана кооперативдин мүчөлүгүнөн чыгуу жөнүндө арыздар боюнча корутунду берүү;

3) наркы кооперативдин уставында белгиленген өлчөмдөн ашкан кооперативдин кыймылсыз мүлкүнө тийиштүү болгон бүтүмдөрдү (күрөөгө, ижарага, ишенимдүү башкарууга берүү ж.б.) бекитүү.

7. Эгерде кооперативдин уставында башкача каралбаса, кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүнө кооперативдин ишинин алкагында өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткаргандыктары үчүн кандайдыр бир сыйакыларды алууга тыюу салынат. Алар өз милдеттерин аткарууда тарткан, сметада каралбаган чыгымдар, кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечиминин негизинде орду толтурулат.

8. Кооперативдин кеңешинин мүчөсү бир эле убакта башкармалыктын мүчөсү, башкармалыктын төрагасы же текшерүү комиссиясынын мүчөсү болушу мүмкүн эмес. Кооперативдин уставында көрсөтүлгөн органдарга мүчө болууну чектеген кошумча негиздер камтылышы мүмкүн.

9. Кооперативдин башкармалыгынын мүчөлөрү, анын курамынан чыга турганын билдиргенде, кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу алардын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алганга чейин кооперативдин кеңешине шайлана албайт.

10. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо өткөрүүдө, башкармалыктын төрагасы жана башкармалыктын мүчөлөрү андай талапкерлер жөнүндө сунуштарды берүүгө укуксуз.

(КР 2018-жылдын 26-июлундагы № 70, 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-21)
