# 2-статья. Кооперативди түзүүнүн жана анын ишинин негизги принциптери

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах""](https://aqlex.ai/kg/doc/112690)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456#diff=1292561..1292562>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 2-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-2

---

Кооператив төмөнкүдөй принциптердин негизинде түзүлөт жана өзүнүн ишин жүзөгө ашырат:

- кооперативдеги мүчөлүктүн ыктыярдуулугунун жана андан кооперативдин уставында белгиленген тартипте тоскоолсуз чыгуунун;

- кооперативдин чарбалык ишине катышкан мүчөлөрү үчүн өз ара жардамды жана экономикалык пайданы камсыздоонун;

- кооперативдин мүчөлөрү тарабынан анын ишин башкаруунун жана контроль жүргүзүүнүн демократиялуулугунун, кооперативдин башкаруу органдарынын кооперативдин мүчөлөрүнүн тең укуктуулугуна негизделген кооперативдик жалпы чогулушуна шайлануусунунун жана отчеттуулугунун;

- кооперативдин ага катышуучулардын экономикалык керектөөлөрүн мүмкүн болушунча толук канааттандырууга арналышынын;

- кооперативдин мүчөлөрүнүн экономикалык жана чарбалык өз алдынчалуулугун сактоонун;

- кооперативдин мүчөлөрүнүн билим деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнүн;

- кооперативдин иши жана анын финансылык абалы жөнүндө маалыматтардын, анын мүчөлөрү үчүн кооперативдин уставында белгиленген тартипте жеткиликтүүлүгүнүн.

(КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-11)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-3)
