# 19-статья. Добуш берүү үчүн бюллетень

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах""](https://aqlex.ai/kg/doc/112690)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456#diff=1292561..1292562>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 19-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-19

---

1. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда чогулуштун күн тартибиндеги маселелер боюнча добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен же болбосо уставда каралган башка ыкмалар менен жүргүзүлөт.

2. Добуш берүү үчүн бюллетендин мазмуну кооперативдин кеңеши же аткаруу органдары (эгерде кооператив ишин кооперативдин кеңешин түзбөстөн жүзөгө ашырса) тарабынан бекитилет. Добуш берүү үчүн бюллетень кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна катышуу үчүн катталган кооперативдин мүчөсүнө (анын өкүлүнө) берилет.

3. Добуш берүү үчүн бюллетень төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

- кооперативдин аталышын;

- кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу өтүүчү ордун, датасын жана башталыш убактысын;

- добуш берүүгө коюлган ар бир суроонун түзүлүшүн жана аларды кароонун кезектүүлүгүн;

- добуш берүүгө коюлган "макул", "каршы" же "калыс" деп көрсөтүлгөн ар бир суроо боюнча добуш берүүнүн варианттарын.

Кооперативдин кеңешинин, аткаруу органынын же кооперативдин текшерүү комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө маселе боюнча добуш берүүнү өткөргөн учурда, добуш берүү үчүн бюллетени анын (алардын) фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен талапкер (талапкерлер) тууралу маалыматты камтууга тийиш.

4. Күн тартибинин ар бир маселеси боюнча добуш берүү үчүн өзүнчө бюллетень даярдалып, ал эсептөө үчүн эсеп комиссиясына тапшырылат. Добуш берүүчүнүн мүмкүн болгон варианттарынын ичинен бирин гана калтырган добушу эсепке алынат. Жогоруда көрсөтүлгөн талапты бузуу менен толтурулган добуш берүү бюллетендери жараксыз деп табылат жана аларда камтылган маселелер боюнча добуштар эсепке алынбайт.

(КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-20)
