# 16-статья. Кооперативден чыккан мүчөсүнө үлүшүн кайтарып берүү

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах""](https://aqlex.ai/kg/doc/112690)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456#diff=1292561..1292562>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 16-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-16

---

1. Ушул Мыйзамдын 14-статьясынын 1-пунктунда жана 15-статьясында каралган учурларда, кооперативге мүчөлүгүн токтоткон адамга анын үлүштүк мүчөлүк акысынын наркы төлөнүүгө же анын үлүштүк мүчөлүк акысына барабар мүлк берилүүгө, ошондой эле ага тиешелүү болгон башка төлөмдөр кооперативдин уставында каралган өлчөмдөрдө, мөөнөттө жана шарттарда, бирок кооперативге мүчөлүгү токтотулган финансылык жыл аяктагандан кийин 3 айдан кечиктирбестен төлөнүп берилүүгө тийиш. Мында, эгерде кооперативдин уставында башкача каралбаса, мүчөлүгүн токтоткон кооперативдин мүчөсү өзү үлүштүк мүчөлүк акы катары төккөн дал ошол мүлктүк объектини берүүнү талап кылууга укуксуз. Чыгып кеткен мүчөнүн үлүшүнүн жана кооперативдин активдеринин анык наркы бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча финансылык жыл аяктаган күнгө карата бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.

2. Эгерде кооперативдин уставында башкача каралбаса, милдеттүү жана кошумча үлүш же кооперативдин бөлүштүрүлүүчү пайдасынын эсебинен түзүлгөн алардын бөлүгү кооперативдин мүчөсүнө ал кооперативге мүчөлүгүн токтоткондо ушул Мыйзамда каралган тартипте төлөнүп берилет.

3. Кооператив кооперативдеги мүчөлүгүн токтоткон жак менен эсептешүүнү жүзөгө ашырууда ага тиешелүү төлөмдөрдөн анын кооперативге карыздарын кармап калууга милдеттүү.

(КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык) IV глава Кооперативди башкаруу органдары

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-17)
