16-статья. Кооперативден чыккан мүчөсүнө үлүшүн кайтарып берүү
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201
1. Ушул Мыйзамдын 14-статьясынын 1-пунктунда жана 15-статьясында каралган учурларда, кооперативге мүчөлүгүн токтоткон адамга анын үлүштүк мүчөлүк акысынын наркы төлөнүүгө же анын үлүштүк мүчөлүк акысына барабар мүлк берилүүгө, ошондой эле ага тиешелүү болгон башка төлөмдөр кооперативдин уставында каралган өлчөмдөрдө, мөөнөттө жана шарттарда, бирок кооперативге мүчөлүгү токтотулган финансылык жыл аяктагандан кийин 3 айдан кечиктирбестен төлөнүп берилүүгө тийиш. Мында, эгерде кооперативдин уставында башкача каралбаса, мүчөлүгүн токтоткон кооперативдин мүчөсү өзү үлүштүк мүчөлүк акы катары төккөн дал ошол мүлктүк объектини берүүнү талап кылууга укуксуз. Чыгып кеткен мүчөнүн үлүшүнүн жана кооперативдин активдеринин анык наркы бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча финансылык жыл аяктаган күнгө карата бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
2. Эгерде кооперативдин уставында башкача каралбаса, милдеттүү жана кошумча үлүш же кооперативдин бөлүштүрүлүүчү пайдасынын эсебинен түзүлгөн алардын бөлүгү кооперативдин мүчөсүнө ал кооперативге мүчөлүгүн токтоткондо ушул Мыйзамда каралган тартипте төлөнүп берилет.
3. Кооператив кооперативдеги мүчөлүгүн токтоткон жак менен эсептешүүнү жүзөгө ашырууда ага тиешелүү төлөмдөрдөн анын кооперативге карыздарын кармап калууга милдеттүү.
(КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык) IV глава Кооперативди башкаруу органдары
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах""Редакцияларды салыштыруу
29.11.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…төккөн дал ошол мүлктүк объектини берүүнү талап кылууга укуксуз. кошулду: Чыгып кеткен мүчөнүн үлүшүнүн жана кооперативдин активдеринин анык наркы бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча финансылык жыл аяктаган күнгө карата бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат. 2. Эгерде кооперативдин уставында башкача каралбаса, милдеттүү жана … төлөмдөрдөн анын кооперативге карыздарын кармап калууга милдеттүү. кошулду: (КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык) IV глава Кооперативди башкаруу органдары
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелериПравила · 15.02.2011 · № 49 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1456/st-16" title="16-статья - Кооперативдер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>