# 15-статья. Кооперативдин мүчөлүгүнөн чыгаруу

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 45 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112526)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456#diff=1292559..1292561>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 15-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-15

---

1. Кооперативдин мүчөсү төмөнкүдөй учурларда кооперативдин уставында каралган себептер боюнча кооперативдин мүчөлүгүнөн чыгарылат:

1) эгерде ушул Мыйзамда жана кооперативдин уставында каралган милдеттенмелерди аткарбаса;

2) эгерде анын аракетинин (же аракетсиздигинин) натыйжасында кооперативге зыян келтирилсе.

2. Кооперативдин кеңеши кооперативдин мүчөлүгүнөн чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, анын чечими кооперативдин мүчөлөрүнүн кезектеги жалпы чогулушунда бекитилүүгө тийиш.

Кооперативдин кеңешинин мүчөлөрү, кооперативдин башкармалыгынын мүчөлөрү кооперативдин мүчөлүгүнөн кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими боюнча гана чыгарылышы мүмкүн.

3. Кооперативдин башкармалыгы кооперативдин мүчөсүнө аны мүчөлүктөн чыгаруу жөнүндө маселе каралаары тууралу жазуу жүзүндө кабарлоого тийиш.

4. Кооперативден чыгаруу жөнүндөгү чечим кооперативден чыгарылган адамга кооперативдин башкармалыгы тарабынан андай чечим кабыл алынгандан кийин 2 жумадан кечиктирилбестен билдирилүүгө тийиш. Кооперативге мүчөлүк адамды кооперативдин мүчөсүнөн чыгаруу жөнүндө чечимди кооперативдин кеңеши бекиткен учурдан баштап токтотулат.

5. Кооперативдин мүчөлүгүнөн чыгарылган адам жалпы чогулуштун чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттанууга укуктуу.

(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 15-статья. Кооперативдин мүчөлүгүнөн чыгаруу

(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-16)