# 14-статья. Кооперативге мүчөлүктү токтотуунун тартиби

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах""](https://aqlex.ai/kg/doc/112690)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456#diff=1292561..1292562>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 14-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-14

---

1. Кооперативге мүчөлүк төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) кооперативден ыктыярдуу чыкканда;

2) кооперативдин мүчөсү өлгөндө;

3) кооперативден чыгарылганда;

4) кооперативге мүчө болгон юридикалык жак жоюлганда.

2. Кооперативдин мүчөсү кооперативден өзү чыгып кеткенге чейин 12 айдан кечиктирбестен, ал эми турак жай, турак жай-эксплуатациялык же турак жай-курулуш кооперативинин мүчөсү - 6 ай мурун кооперативдин башкармалыгына жазуу жүзүндө арыз берүү аркылуу өз ыктыяры менен чыгууга укуктуу.

3. Кооперативдеги мүчөлүгүн токтоткон жеке жана юридикалык жактарга кооперативдин мүчөсүнүн үлүштүк мүчөлүк акысын кайра берүү кооперативдин макулдугу менен, кооперативдин уставында белгиленген тартипте гана жүзөгө ашырылат. Мындай учурда кооперативдин мүчөлөрү үлүштүк мүчөлүк акыны сатып алууга артыкчылыктуу укугунан пайдаланышат. Өзүнүн үлүштүк мүчөлүк акысын кооперативдин башка мүчөсүнө өткөрүп берүүчү кооперативдин мүчөсү өзүнүн мүчөлүгүн арыз берген мөөнөттөн тартып 12 айлык мөөнөт өткөнгө чейин, ал эми турак жай, турак жай-эксплуатациялык же турак жай-курулуш кооперативинин мүчөсү - 6 ай мурун токтотууга укуктуу.

4. Кооперативдин мүчөсү өлгөн учурда анын мураскорлору кооперативдин мүчөсү өлгөндөн кийин 2 айдын ичинде ушул Мыйзамдын 11 жана 12-статьяларынын талаптарына ылайык кооперативге кабыл алынышы мүмкүн.

5. Кооперативдин өлгөн мүчөсүнүн кооперативге мүчөлүккө кабыл алынбаган мураскорлоруна кооперативдин өлгөн мүчөсүнүн үлүштүк мүчөлүк акысынын баасы төлөнүп берилет жана ушул Мыйзамдын 16-статьясына ылайык башка төлөмдөр жүргүзүлөт.

(КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-15)
