# 13-статья. Кооперативдин мүчөлөрүнүн реестри

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах""](https://aqlex.ai/kg/doc/112690)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456#diff=1292561..1292562>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 13-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-13

---

1. Кооператив кооперативдин мүчөлөрүнүн реестрин өз алдынча жүргүзүүгө жана сактоого милдеттүү. Реестрди сактоо тартиби жана мөөнөтү кооперативдин уставында аныкталууга тийиш, мында кооперативдин кооперативде мүчөлүгүн токтоткон мүчөлөрү жөнүндө маалымат реестрде сакталууга тийиш, ал эми кооперативдин иши токтотулган учурда архивдик иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык архивге өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

2. Кооперативдин мүчөлөрүнүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кооперативдин аткаруу органы жүргүзөт, ал кооперативдин мүчөлөрүнүн реестринин аныктыгы үчүн жоопкерчилик алат.

3. Кооперативдин аткаруу органы кооперативдин мүчөлөрүнүн талабы боюнча анын үлүшкө карата укугун кооперативдин мүчөлөрүнүн реестринен көчүрмө берүү аркылуу көчүрмө жазуу учурундагы үлүштөргө ээлик кылуусун тастыктоого милдеттүү.

4. Кооперативдин реестри өзүнө ушул Мыйзамдын 12-статьясынын 2-пунктунда каралган маалыматтарды камтууга тийиш.

(КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-14)
