Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-статья. Кооперативге мүчөлүккө кабыл алуу
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201
1. Кооператив мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин ага кирүүнү каалаган жеке же юридикалык жактар кооперативдин башкармалыгына кооперативге мүчөлүккө кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз беришет. Арызда кооперативдин уставынын жана башка ички документтеринин талаптарын сактоо жөнүндө милдеттенме, ошондой эле көрсөтүлгөн үлүштүк мүчөлүк акыны төгүү тууралу милдеттенме болууга тийиш. Башкармалык кабыл алуу жөнүндө чечимди арыз алынгандан кийин 4 жуманын ичинде чагарат. Кабыл алуу жөнүндө чечим кооперативдин мүчөлөрүнүн кезектеги жалпы чогулушунда бекитилет.
2. Кооперативдин ар бир мүчөсүнө кагаз же электрондук түрдө мүчөлүк китепче берилет же болбосо ар бир мүчө үчүн кооперативдин веб-сайтында төмөнкү маалыматтарды камтыган жеке кабинети ачылат:
1) фамилиясы, аты-жөнү жана дареги, туулган күнү, кооперативге кирген күнү;
2) көрсөтүлгөн жана төгүлгөн үлүштөрдүн саны жана алар төгүлгөн күндөр;
3) кошумча үлүштөрдүн саны жана алар төгүлгөн күндөр;
4) кооперативдик төлөмдөрдүн, анын ичинде үлүштүк мүчөлүк акыга кириштелген сумма жана алар кириштелген күндөр;
5) үлүштүк мүчөлүк акылардын наркынан төлөп берүүлөрдүн суммасы жана мындай төлөп берилген күндөр;
6) төлөнгөн дивиденддердин суммасы жана алар төлөнгөн күндөр.
3. Кооперативге мүчөлүккө кабыл алуу, мүчөлүктү токтотуу, кооперативдин мүчөлүгүнөн чыгаруу үчүн документтерди жол-жоболоштуруунун тартиби жана мүчөлүк маселеси боюнча башка шарттар кооперативдин уставында аныкталат.
(КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах""Редакцияларды салыштыруу
29.11.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жалпы чогулушунда бекитилет.
2. Кооперативдин ар бир мүчөсүнө кошулду: кагаз же электрондук түрдө мүчөлүк китепче алынып салынды: берилет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
кошулду: берилет же болбосо ар бир мүчө үчүн кооперативдин веб-сайтында төмөнкү маалыматтарды камтыган жеке кабинети ачылат:
1) фамилиясы, аты-жөнү жана дареги, туулган күнү, кооперативге кирген … маселеси боюнча башка шарттар кооперативдин уставында аныкталат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1456/st-12" title="12-статья - Кооперативдер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>