# 10-статья. Кооперативди мамлекеттик каттоо

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 45 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112526)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 45 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112526); 19.10.2009 [Закон КР от 19 октября 2009 года № 282 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203221)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456#diff=1292559..1292561>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 10-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-10

---

1. Кооперативди мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Кооператив мамлекеттик каттоого алынган күндөн баштап юридикалык жак катары түзүлдү деп эсептелет.

3. Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган гана учурда кооперативди мамлекеттик каттоодон баш тартуу болушу мүмкүн.

Мамлекеттик каттоодон баш тартуу, мамлекеттик каттоонун мөөнөттөрүн же тартибин бузуу, ошондой эле мындай каттоодон четтөө административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн. (КР 2009-жылдын 19-октябрындагы № 282, 2023-жылдын 3-мартындагы № 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

III глава Кооперативге мүчөлүк

11-статья. Кооперативдин мүчөлөрү

1. Кооперативге 18 жашка жеткен жеке жактар, жана юридикалык жактар мүчө боло алышат.

2. Кооперативдин мүчөсү болгон юридикалык жактын таламдарын кооперативдеги юридикалык ыйгарым укук берилген жак көздөйт.

3. Жеке жана юридикалык жактар, эгерде ал кооперативдердин уставдарында башкача каралбаса, бир эле учурда бир нече кооперативге мүчө болушу мүмкүн.

4. Кооперативдин мүчөлөрү ушул Мыйзамда, ошондой эле кооперативдин уставында каралган укуктарга жана милдеттерге ээ, атап айтканда:

1) кооперативдин мүчөлөрү төмөнкүдөй укуктарга ээ:

- андан ушул Мыйзамдын 14-статьясында белгиленген тартипте эркин чыгып кетүүгө;

- мүчөлөрдүн ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон пайданын бөлүгүн кооперативдин уставында белгиленген тартипте алууга;

- кооперативди башкарууга, кооперативдин уставына ылайык кооперативдин башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, кооперативди контролдоого катышууга, кооперативдин ишине байланыштуу сунуштарды киргизүүгө;

- кооперативдин уставында аныкталгандай кооперативдин мүчөлөрү үчүн жеңилдиктерден жана артыкчылыктардан пайдаланууга;

- кооперативдин финансылык - чарбалык ишинин документтери менен кооперативдин уставында белгиленген тартипте таанышууга.

2) Кооперативдин мүчөлөрүнүн милдеттери:

- кооперативдин уставында каралган өлчөмдө жана тартипте кирүү жана үлүштүк мүчөлүк акыларды төгүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, кооперативдин уставын жана башка ички актыларын сактоо.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-9)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-12)
