# 1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылган түшүнүктөр

- Документ: [Кооперативдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1456)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах""](https://aqlex.ai/kg/doc/112690)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.11.2023 [Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах""](https://aqlex.ai/kg/doc/112690); 09.07.2013 [Закон КР от 9 июля 2013 года № 123 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203931)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456#diff=1292561..1292562>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1393/edition/1292554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1456/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооперативдер жөнүндө, 1-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

1. Кооператив - жеке жана юридикалык жактардын өздөрүнүн экономикалык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында мүчөлүк негизде ыктыярдуу биригүүсү.

2. Айыл чарба кооперативи - кооперативдин мүчөлөрүнүн экономикалык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн өндүрүштүк же башка чарбалык иш үчүн акчалай баага ээ болгон алардын мүлктүк үлүштүк мүчөлүк акыларын бириктирүүнүн негизиндеги мүчөлүккө негизделген ыктыярдуу бирикмеси.

21. Турак жай-эксплуатациялык кооперативи - алардын акчалай баага ээ болгон мүлктүк үлүштүк мүчөлүк акыларын бириктирүүгө негизделген, көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу үчүн мүчөлүктүн негизинде турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин ыктыярдуу биригүүсү.

22. Турак жай, турак жай-эксплуатациялык же турак жай-курулуш кооперативи - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлгөн, көп батирлүү үйдү же болбосо турак жай комплексин куруу үчүн мүчөлүктүн негизинде жеке жактардын ыктыярдуу биригүүсү.

23. Өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативи - кооперативдин мүчөлөрү тарабынан үлүштүк мүчөлүк акыларды бириктирүү жолу менен кооперативдин мүчөлөрүнүн турак жайлардагы керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн мүчөлүктүн негизинде жеке жактардын ыктыярдуу биригүүсү.

3. Кооперативдин мүчөсү - ушул Мыйзамдын жана кооперативдин уставынын талаптарын канааттандырган жеке жана (же) юридикалык жак.

4. Кызматкер - тийиштүү адистиги, квалификациясы же кызмат орду боюнча кооперативде иштөөгө тартылган адам.

5. Үлүштүк мүчөлүк акы (пай) - кооперативдин мүчөсүнүн кооперативдин үлүштүк фондуна акчалай, ошондой эле мүлк менен кошкон мүчөлүк акысы. Үлүштүк мүчөлүк акы милдеттүү жана кошумча болушу мүмкүн.

6. Милдеттүү үлүш - кооперативдин мүчөсүнүн милдеттүү түрдө кошкон үлүштүк мүчөлүк акысы.

7. Кошумча үлүш - кооперативдин мүчөсүнүн милдеттүү үлүштөн тышкары өз ыктыяры менен кошуучу үлүштүк мүчөлүк акысы.

8. Дивиденд - ушул Мыйзамда жана кооперативдин уставында белгиленген тартипте кооперативдин мүчөлөрүнүн үлүштөрү боюнча төлөнүп берилүүчү таза кирешесинин бөлүгү.

9. Кооперативдик төлөмдөр - кооперативдин мүчөлөрүнүн ортосундагы чарбалык ишине алардын катышуусуна жараша, уставда каралган шартта бөлүштүрүлүүчү кооперативдин кирешелеринин бөлүгү.

10. Үлүштүк фонд - кооперативдин мүчөлөрү кошуучу үлүштүк мүчөлүк акылардан турган фонд.

11. Өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд - өзгөчө жагдайлар менен байланышкан чыгымдарды, тактап айтканда, кооперативдин карыздарын жана кредиттерин жабуу үчүн багытталган фонд. Кооперативдер мындай фондду түзүүгө жана өзүнүн уставында анын өлчөмүн, мүлктүк үлүшүн жана пайдалануу тартибин аныктоого милдеттүү.

12. Резервдик фонд - кооперативдин өзгөчө кырдаалдардын чыгашаларын жабуудан башка керектөөлөрүн камсыздоо үчүн арналган фонд, аны түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби кооперативдин уставында аныкталат.

13. Кооперативдин чарбалык ишине катышуу - кооперативдин мүчөлөрүнүн кооперативге продукция, чийки зат жөнөтүүсү, алардын кооперативден товар алуусу, кооперативдин кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануулары же кооперативдин чарбалык ишине анын уставында каралган башка катышуулар.

14. Кооперативдин өздүк капиталы - кооперативдин мүчөлөрүнүн үлүштүк мүчөлүк акыларынын эсебинен куралган, кооперативдик фонддон жана бөлүштүрүлбөгөн пайдадан түзүлгөн мүлкүнүн бөлүгү.

15. Турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган - турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоону жүзөгө ашыруучу орган. Ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле анын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 123, 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1456/st-11)
