Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 „Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 12-июлу № 346 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда:
экинчи абзацындагы "жана Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын" деген сөздөр ", Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын жана Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциянын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; үчүнчү абзацындагы "олимпиялык резервдеги республикалык адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептеринин," деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-3-тиркемелери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналары жыл ичинде жогорку натыйжаларды көрсөткөн спортчуларды даярдагандыгы үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө жогорулатылат: Begin_nocompare
№
Иш-чаранын аталышы
Үстөктүн өлчөмү % менен
100%га чейин
75%га чейин
50%га чейин
Ээлеген орундар
1
Олимпиалык оюндар, Паралимпиалык оюндар жана Сурдлимпиалык оюндар
1-2
3-4
5-6
2
Өспүрүмдөрдүн олимпиалык оюндары
1
2-3
4-5
3
Чоңдор арасында дүйнөнүн чемпионаты
1-2
3-4
5
4
Дүйнөлүк универсиада
1
2
3
5
Майыптар арасында дүйнөнүн чемпионаты
1
2
3
6
Азия оюндары
1
2
3
7
Азиянын чемпионаты
-
1
2-3
8
Дүйнөнүн чемпионаты:
- жаштар арасында;
-
1-2
3-4
- өспүрүмдөр арасында
-
1
2-3
9
Азиянын чемпионаты:
- жаштар арасында;
-
1
2-3
- өспүрүмдөр арасында
-
1
2-3
"; End_nocompare
- жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинин 1-пунктундагы "6000" деген цифралар "7200" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Begin_nocompare
Тиркеме
"1-тиркеме
Спорттун олимпиалык түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын жана Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциянын административдик-башкаруу персоналынын КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
№
Кызмат орундун аталышы
Кызматтык маяна (сом)
1
Директор
13200
2
Директордун орун басары
10800
2-1
Ат майданын башкаруучу, спорттук ден соолукту чыңдоо лагерин башкаруучу
3
Башкы бухгалтер
9000
4
Улук методист
7800
5
Методист
7200
6
Бухгалтер
2-тиркеме
Олимпиалык резервдеги республикалык окуу жайынын, олимпиалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептеринин, балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин жана дене тарбия жагынан даярдоочу балдар-өспүрүмдөр клубдарынын административдик-башкаруу персоналынын КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
№
Кызмат орундун аталышы
Кызматтык маяна (сом)
1
Директор
7200
2
Директордун орун басары
5760
3
Башкы бухгалтер
5400
4
Методист
4800
5
Бухгалтер
Эскертүү:
- олимпиалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептеринин административдик-башкаруу персоналынын кызматтык маяналары 1,2 коэффициент менен белгиленет;
- олимпиалык резервдеги республикалык окуу жайынын, административдик-башкаруу персоналынын кызматтык маяналары 1,4 коэффициент менен белгиленет.
3-тиркеме
Машыктыруучу-окутуучулар курамынын КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
№
Кызмат орундун аталышы
Кызматтык маяна (сом)
1
Башкы машыктыруучу
12000
2
Улук машыктыруучу
10800
3
Жогорку билимдүү машыктыруучу
8400
4
Орто кесиптик билими бар машыктыруучу
7200
5
Кесиптик билими жок машыктыруучу
6000
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 17 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 "Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары…Постановление · 30.03.2022 · № 185 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 17 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон