# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы № 348 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы № 348 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 348
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14557>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2956/edition/958763/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14557.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы № 348 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому (15.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14557

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 15-июлу № 348 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо методикасын бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо методикасы (мындан ары - Методика) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Методикага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программаларынын негизги көрсөткүчтөрүнө жетишүү деңгээлин баалоо үчүн 2019-жылга карата өнүктүрүү пландарын иштеп чыгууга киришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлерин Методикага ылайык пландарды иштеп чыгуу жана жыйынтыктарын баалоо көндүмдөрүнө туруктуу окутууну уюштурсун;

- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Методиканы иш жүзүндө колдонууда методикалык көмөк көрсөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадрдык иштер жана мамлекеттик кызмат бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 23-июлундагы N 61 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
