# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-июлундагы № 342 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 "Жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн тизмелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-июлундагы № 342 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 "Жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн тизмелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 342
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14553>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2954/edition/967822/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14553.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-июлундагы № 342 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 "Жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн тизмелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (05.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14553

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-июлу № 342 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 "Жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн тизмелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Өндүрүштүк окутуу инструкторлорунун эмгегинин оор шарттарын эске алуу менен, аларга социалдык кепилдиктерди камсыздоо максатында, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 "Жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн тизмелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштарда иштегендиги үчүн жеңилдетилген шартта курагы (карылыгы) боюнча пенсия алууга укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн № 2 тизмесинде:

"Тоо иштери" I бөлүмүнүн 1-пунктунун б) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын: "2010100б-23183 Өндүрүштө окутуу инструктору (кесилиштерде, карьерлерде)".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
