Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 „Жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн тизмелерин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-июлу № 342 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 "Жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн тизмелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Өндүрүштүк окутуу инструкторлорунун эмгегинин оор шарттарын эске алуу менен, аларга социалдык кепилдиктерди камсыздоо максатында, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 "Жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн тизмелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштарда иштегендиги үчүн жеңилдетилген шартта курагы (карылыгы) боюнча пенсия алууга укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн № 2 тизмесинде:
"Тоо иштери" I бөлүмүнүн 1-пунктунун б) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын: "2010100б-23183 Өндүрүштө окутуу инструктору (кесилиштерде, карьерлерде)".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1996 года № 298 "Об утверждении списков производств, работ, профессий, должностей и показателей, дающих право на льготное пенсионное…Постановление · 01.07.1996 · № 298
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон