# 66-статья. Сатып алуу жол-жоболорун токтото туруу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203331)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.07.2011 [Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203331); 28.07.2008 [Закон КР от 28 июля 2008 года № 172 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/202383)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643072..643073>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 66-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-66

---

1. Даттануу негиздүү болуп эсептелсе жана жол-жоболор токтотула турбаса жөнөтүүчү (подрядчы) зыян тарта тургандыгын ырастаган шартта даттануу ушул Мыйзамдын 63-65-статьяларына ылайык өз убагында берилсе, сатып алуу жол-жоболору 10 күнгө чейинки мөөнөткө токтотула турат; эгерде токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алуу сатып алуучу уюмга жана башка жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) олуттуу зыян келтирбесе.

2. Эгерде келишим түзүлсө, ушул Мыйзамдын 67-статьясына ылайык аталган даттануу ушул статьянын 1-пунктунда каралган талаптарга ылайык келген шартта, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул келишимдин аткарылышын 10 календардык күнгө чейинки мөөнөткө токтото турат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган даттануу жол-жоболору аяктаганга чейин, токтото туруунун жалпы мөөнөтү 30 күндөн ашпаган шартта даттануу берген же доо козгогон жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) укуктарын камсыз кылуу максатында ушул статьянын 1-2-пункттарында каралган токтото туруу мөөнөтүн узартууга укуктуу.

4. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 172 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

5. Сатып алуулардын жол-жоболорун улантуу талабынын негиздемесин камтыган сатып алуучу уюмдун арызы сатып алуулардын жол-жоболору жөнүндөгү протоколго тиркелет жана сот тартибинде гана даттанылышы мүмкүн.

6. Ушул статьяга ылайык сатып алуучу уюм тарабынан кабыл алынган жана аны кабыл алуунун негиздерин камтыган ар кандай чечим сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколуна тиркелет.

(КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 172, 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [65-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-65-1)  
Кийинки берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-67)
