# 64-статья. Сатып алуучу уюмдун иш-аракеттери

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203331)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643072..643073>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 64-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-64

---

1. Сатып алуулар жөнүндөгү келишимге кол коюлганга чейин жөнөтүүчү (подрядчы) себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү даттанууну сатып алуучу уюмга берүүгө укуктуу.

2. Даттануу берүү үчүн негиз болгон жагдайлар жөнүндө жөнөтүүчү (подрядчы) билген күндөн же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып 10 күндүн ичинде даттануу берилиши мүмкүн.

3. Сатып алуучу уюм даттанууну ал берилген күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде карайт.

4. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча сатып алуучу уюм жазуу жүзүндө чечим чыгарат, анда мына булар көрсөтүлүүгө тийиш:

- чечим кабыл алуунун себептеринин негиздемеси;

- даттануу толук же жарым-жартылай канааттандырылганда баяндалган талаптарды канаттандырууга багытталган чаралар.

5. Эгерде ушул статьянын 3-пунктунда белгиленген мөөнөттө сатып алуучу уюм тарабынан чечим чыгарылбаса, же болбосо жөнөтүүчү (подрядчы) кабыл алынган чечимге канааттанбаса, ал ушул Мыйзамдын 65 же 67-статьяларына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, андан кийин жалпы юрисдикциядагы сотко кайрылууга укуктуу. Мындай даттануу берилген учурдан тартып талаш-тартышты кароо сатып алуучу уюмдун компетенциясына кирбей калат.

6. Эгерде ушул Мыйзамдын 65 же 67-статьяларына ылайык териштирүү башталбаса, сатып алуучу уюмдун чечими акыркы чечим болуп эсептелет.

(КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [63-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-63)  
Кийинки берене: [65-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-65)
