# 63-статья. Даттануу укугу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 63-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-63

---

1. Тооруктун жол-жоболоруна катышуучулар тендердик комиссиянын тандап алуу чечими чыгарылганга чейин сатып алуучу уюмга даттануу берүүгө укуктуу.

2. Ушул статьянын 3-пунктун эске алуу менен тендердик комиссиянын ар кандай башка чечимине сатып алуу жол-жоболоруна катышкандар сатып алуучу уюмга сатып алуу жол-жоболорунун жыйынтыктары тууралу кулактандыруу жарыялангандан кийин 10 күндүн ичинде даттана алышат. Бул мөөнөт өткөндөн кийин жөнөтүүчулөр (подрядчылар) тарабынан берилген даттануулар сатып алуучу уюм тарабынан каралбайт.

3. Төмөндөгүлөр даттануунун жүйөсү боло албайт:

- сатып алуулардын усулун тандап алуу;

- ушул Мыйзамдын 27-статьясынын 4-пунктуна ылайык тандап алуулардын жол-жоболорун тандап алуу;

- ушул Мыйзамдын 3-статьясына ылайык ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү;

- ушул Мыйзамдын 29-статьясына ылайык сатып алуучу уюмдун кабыл алган чечими.

4. Даттануунун натыйжасында таламдары бузулган же бузулушу мүмкүн болгон жөнөтүүчү (подрядчы) же ар кандай мамлекеттик орган даттануунун жол-жобосуна катышууга укуктуу. Мындай жол-жобого катышпаган жөнөтүүчү (подрядчы) кийин ушул сыяктуу даттануу берүү укугунан ажыратылат.

---

Мурунку берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-62)  
Кийинки берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-64)
