# 57-статья. Жекече консультанттарды тандап алуу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2008 года № 172 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/202383)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643070..643071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 57-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-57

---

1. Сатып алуучу уюм жеке консультанттарды жалпыга маалымдоо каражаттары жана мамлекеттик сатып алуулардын Бюллетени аркылуу төмөндөгүдөй учурларда тапшырмаларды аткарууга чакырат, эгерде:

- адистердин тобун жалдоо зарылчылыгы болбосо;

- башка жактан кошумча маалымат алуу зарылчылыгы болбосо;

- жеке адамдын тажрыйбасы жана квалификациясы негизги талап болуп саналса.

2. Жеке консультанттарды тандап алуу айкын тапшырманы аткаруу үчүн алардын тажрыйбасын жана квалификациясын эске алуу менен жүргүзүлөт. Консультанттар тапшырманы аткарууга кызыккандардын ичинен тажрыйбасын жана квалификациясын салыштыруу жолу менен же сатып алуучу уюм кайрылгандардын арасынан тандалып алынат.

3. Сатып алуучу уюм тарабынан жалданган жеке адамдар квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш жана тапшырманы аткара билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Алардын мүмкүнчүлүгү алган билимине, тажрыйбасына жана квалификациясына жараша бааланат.

4. Сатып алуучу уюм жекече консультанттарды төмөндөгүдөй учурларда гана конкурссуз (бир жерден тандап алуу усулу боюнча) тандап алышы мүмкүн, эгерде:

(а) тапшырма конкурстук негизде тандалып алынган консультанттын аткарган мурдагы ишинин уландысы болсо; (б) тапшырманын узактыгы 3 айдан азыраак болсо; (в) форс-мажордук кырдаал жагдайдын кесепетинен өзгөчө мүнөзгө ээ болсо; (г) жеке адам бул аткара турган квалификациясы жана тажрыйбасы бар жападан-жалгыз консультант болсо. (КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-56)  
Кийинки берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-58)
