# 56-статья. Эң төмөнкү нарк боюнча тандап алуу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 56-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-56

---

1. Эң төмөнкү нарк боюнча тандап алуу усулу калыптанган тажрыйба менен ченемдер болгондо типтүү же стандарттуу тапшырмалар үчүн эң жогорку чектелген суммадан төмөн консультанттарды тандаган учурда колдонулат. Сатып алуучу уюм техникалык сунуштар боюнча төмөнкү өтүүчү баллды белгилейт жана аны сунуштарды берүүгө чакыруу кагазында көрсөтөт.

2. Сатып алуучу уюм ушул Мыйзамдын 44-статьясына ылайык алардын кызыгуусун билдирген күбөлүгүн алуу үчүн консультанттарды чакырат. Кызыккан консультанттар бир эле мезгилде техникалык жана финансылык сунуштарды беришет. Адегенде бардык техникалык сунуштар ачылат жана бааланат. Эң аз баллды ала албаган техникалык сунуштар четке кагылат, андан кийин калган финансылык сунуштар ачылат.

3. Келишим боюнча сүйлөшүүлөр эң төмөнкү баллдан көбүрөөк топтогон жана финансылык сунуш боюнча эң аз нарк сунуш кылган консультант тандалып алынат.

---

Мурунку берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-55)  
Кийинки берене: [57-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-57)
