# 55-статья. Белгиленген бюджеттин шарттарында тандап алуу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 55-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-55

---

1. Белгиленген бюджеттин шарттарында тандап алуу усулу тапшырманын так аныктамасы жана белгиленген бюджет болгон учурларда пайдаланылат.

2. Сунуш берүүгө чакыруу кагазында тапшырманын бюджети көрсөтүлөт, ал эми консультанттарга ар башка конверттерде бюджеттин чегиндеги техникалык жана финансылык сунуштарды берүү сунуш кылынат. Техникалык тапшырма абдан ойлонулган жана тапшырманы аткаруу үчүн бюджеттин жетиштүү болуу кепилдигин бериши керек.

3. Бардык техникалык сунуштарга баа берүү ушул Мыйзамдын 50-статьясына ылайык "сапатка баа берүү" усулу боюнча жүргүзүлөт. Андан кийин финансылык сунуштар ачылат жана сунуштун наркы бюджеттин чегинен ашып кеткен учурда сунуш четке кагылат.

4. Келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө техникалык сунуш боюнча жогорку балл алган консультант чакырылат.

---

Мурунку берене: [54-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-54)  
Кийинки берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-56)
