# 51-статья. Наркка баа берүү

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203331)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643072..643073>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 51-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-51

---

1. Сапатка баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча сатып алуучу уюм сунуштары төмөнкү өтүүчү баллды ала албаган же квалификациялык талаптарга, ошондой эле сунуш берүүгө чакыруу кагазында көрсөтүлгөн техникалык тапшырманын негизги талаптарына жооп бербеген консультанттардын финансылык сунуштарын ачпастан кайтарып берет.

2. Бир эле мезгилде сатып алуучу уюм сунуштары төмөнкү өтүүчү баллды алган консультанттарга кабарлама жиберип, финансылык сунуштарды ачууну белгилеген күндү жана убакытты көрсөтөт, сунуштарды берүү мөөнөтү кабарлама жиберилген күндөн тартып кеминде 2 жумадан кем болбоого тийиш.

3. Финансылык сунуштар белгиленген мөөнөттө жана сатып алуучу уюмдун чакыруу кагазында көрсөтүлгөн жерде сунуштардын ачылышына келүүнү каалаган консультанттардын өкүлдөрүнүн катышуусунда көпчүлүктүн алдында ачылат.

4. Консультанттын аты-жөнү жана дареги, сапат үчүн берилген баллы жана тендердик табыштаманын баасы окулат жана финансылык сунуштарды ачуу протоколуна киргизилет; протоколдун көчүрмөсү маалымат жана отчеттуулук үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга дароо жөнөтүлөт.

5. Сатып алуучу уюм финансылык сунуштардын толуктугун жана арифметикалык каталары жоктугуна текшерүү жүргүзөт, ошондой эле сунуштарды өз ара салыштыруу үчүн алардын наркы сунуш берүүгө чакыруу кагазында көрсөтүлгөн бирдиктүү валютага которулат. Баа берүү максатында нарктан жергиликтүү салыктар алып салынат.

(КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-50)  
Кийинки берене: [52-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-52)
