# 50-статья. Сапатка баа берүү

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 50-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-50

---

1. Сатып алуучу уюм консультанттардын техникалык сунуштарын төмөндөгү критерийлер боюнча баалайт:

- консультанттын тапшырманы аткаруу үчүн маанилүү болгон тажрыйбасы;

- сунуш кылынган усулдун сапаты;

- сунуш кылынган негизги персоналдын квалификациясы;

- билим берүүсү;

- негизги персоналдын курамына кирген Кыргыз Республикасынын жарандарынын тапшырманы аткарууга катышуу даражасы.

2. Сатып алуучу уюм ар бир сунушту квалификациялык талаптарга жана техникалык тапшырмага ылайык келиши жагынан баалайт; эгерде квалификациялык талаптарга жана техникалык тапшырманын негизги талаптарына жооп бербесе же сунуштарды берүүгө чакыруу кагазында көрсөтүлгөн төмөнкү өтүүчү баллды ала албаса, сунуш ушул этапта четке кагылат.

3. Техникалык баалоо процесси аяктагандан кийин сатып алуучу уюм сунуштарга сапаты боюнча баа берүү отчетун түзөт.

---

Мурунку берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-49)  
Кийинки берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-51)
