50-статья. Сапатка баа берүү
Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 6-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72.
1. Сатып алуучу уюм консультанттардын техникалык сунуштарын төмөндөгү критерийлер боюнча баалайт:
- консультанттын тапшырманы аткаруу үчүн маанилүү болгон тажрыйбасы;
- сунуш кылынган усулдун сапаты;
- сунуш кылынган негизги персоналдын квалификациясы;
- билим берүүсү;
- негизги персоналдын курамына кирген Кыргыз Республикасынын жарандарынын тапшырманы аткарууга катышуу даражасы.
2. Сатып алуучу уюм ар бир сунушту квалификациялык талаптарга жана техникалык тапшырмага ылайык келиши жагынан баалайт; эгерде квалификациялык талаптарга жана техникалык тапшырманын негизги талаптарына жооп бербесе же сунуштарды берүүгө чакыруу кагазында көрсөтүлгөн төмөнкү өтүүчү баллды ала албаса, сунуш ушул этапта четке кагылат.
3. Техникалык баалоо процесси аяктагандан кийин сатып алуучу уюм сунуштарга сапаты боюнча баа берүү отчетун түзөт.
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-50" title="50-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>