# 5-статья. Таламдардын кагылышы

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 мая 2014 года № 70 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205290)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.05.2014 [Закон КР от 17 мая 2014 года № 70 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205290); 08.07.2011 [Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203331)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643077..643078>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 5-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларына жана сатып алуучу уюмдардын кызматкерлерине төмөнкүлөрдү жасоого тыюу салынат:

сатып алуулар тараптарынын кайсы биринин болбосун кызыкчылыктарын көздөп сатып алуулардын жол-жоболоруна кандайдыр бир таасир көрсөтүүгө аракет кылса; ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу сатып алуулардын учурунда жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) катарында катышууга; өздөрү иштеп жаткан уюмдардын ортосунда сатып алуулар жөнүндөгү келишимдердин түзүлүшүнө (жана) же түзүүгө көмөк көрсөтүүгө же өздөрү алардын өкүлдөрү, уюмдаштыруучулары, катышуучулары, пайчылары, акционерлери же кызмат адамдары болууга; сатып алуулардын жол-жоболору боюнча чечим кабыл алууга, катышууга, эгерде алар туугандык даражасы боюнча же өткөрүлүп жаткан сатып алуулардын жыйынтыктарына тикеден-тике же кыйыр түрдө сатып алуу жолжоболору боюнча чечимдердин кабыл алынышына таламдаш болууга. Мамлекеттик, муниципалдык кызматчылар жана сатып алуучу уюмдардын кызматкерлери ушул пункттун жоболорун бузган учурда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат, ал эми сатып алуу жол-жоболору сатып алуу уюмунун чечими боюнча же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча токтотула турат же токтотулат.

11. Уюштуруучулары же катышуучулары саясий мамлекеттик, саясий муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, ошондой эле прокуратура органдарында жана башка укук коргоо органдарында кызмат орундарын ээлеген жактар же алардын жакын туугандары болуп саналган жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу тендерге катышууга тыюу салынат. Бул ченемди бузган учурда жөнөтүүчү (подрядчы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат, ал эми сатып алуу жол-жобосу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча токтотулат

2. Сатып алуучу уюмдун өкүлү же сатып алуу жол-жоболоруна байланышкан дагы башка милдеттерди, ошондой эле сатып алуулардын жол-жоболоруна тиешелүү консультантык иш-милдеттерди аткара албайт, эгерде ал адам:

жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) жубайы болсо же түздөн-түз туугандык байланышы болсо, ошондой эле бала асырап алуу, камкорчулук же көзөмөлчүлүк жагынан мамилеси болсо, анын юридикалык өкүлү же кызмат адамдары болсо; акыркы эки жыл ичиндеги сатып алуулардын жол-жоболоруна катышкан кайсы бир жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) кызматчысы же кызмат адамы болсо.

3. Кызматкери сатып алуулар жөнүндөгү келишимге карата спецификацияларды же тендердик документтерди даярдаганга жооп бере турган негизги компания же филиалы менен байланышта болгон жөнөтүүчү (подрядчы) сатып алуучу уюм менен сатып алуулар жөнүндө келишим түзө албайт.

4. Ушул статьяга ылайык тендердик табыштамадан, сунуштан же котировкалоодон четтөө жана анын себептери сатып алуулардын жолжоболору жөнүндөгү протоколдо чагылдырылат жана таламдаш жөнөтүүчүлөргө (подрядчыга) ошол замат билдирилет.

(КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 172, 2011-жылдын 8-июлундагы № 88, 2014-жылдын 17-майындагы № 70 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-6)
