# 48-статья. Сунуштарды берүү жана ачуу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 48-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-48

---

1. Сатып алуучу уюм сунуштар бериле турган акыркы мөөнөттүн так күнүн жана убактысын белгилейт, бирок ал сунуштарды берүүгө чакыруу кагаз жөнөтүлгөн күндөн кеминде 4 жумадан кем болбойт.

2. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө 10 күн калганда консультант сатып алуучу уюмдан сунуштарды берүү үчүн жөнөтүлгөн чакыруу кагазында айтылган маалыматтарды түшүндүрүп берүүнү сурай алат. Сатып алуучу уюм 3 жумуш күнүнөн кечиктирбей мындай суроо-талапка жооп берүүгө жана берилген түшүндүрмөлөрдүн көчүрмөсүн кыскача тизмеге киргизилген бардык консультанттарга жөнөтүүгө тийиш. Зарылчылык туулса, сатып алуучу уюм сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн узарта алат.

3. Сунуштарды берүүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин техникалык жана финансылык сунушка түзөтүүлөр кабыл алынбайт. Техникалык жана финансылык сунуштар бир эле мезгилде ар башка конверттерге салынып чапталып берилүүгө тийиш.

4. Сунуштарды берүүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин техникалык сунуштар салынган конверттер тендердик комиссия тарабынан дароо ачылат жана бардык негизги маалыматтар сунуштарды ачуу протоколуна киргизилет.

5. Финансылык сунуштардын конверти ачылбайт жана бөлүмгө берилет, ал жерде ачылганга чейин сакталат.

6. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөндөн кийин алынган сунуштар ачылбайт жана консультанттарга кайтарып берилет.

---

Мурунку берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-47)  
Кийинки берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-49)
