# 42-статья. Техникалык тапшырманы даярдоо

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 42-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-42

---

1. Сатып алуучу уюм техникалык тапшырманы түзөт жана техникалык тапшырманын даярдалышына жооп берет. Техникалык тапшырмада тапшырманын максаты, милдети, көлөмү, талаптардын сыпаттамасы, отчетторду берүү боюнча мөөнөттөрү жана маалыматтык маалымат, анын ичинде ушул учурда жүргүзүлгөн тиешелүү изилдөөлөрдүн тизмеги жана базалык маалыматтар көрсөтүлөт.

2. Эгерде максат билим берүү же кадрларды даярдоо болсо, ал консультанттар кызмат көрсөтүүлөргө керек болгон көлөмгө баа бере тургандай окуудан өтүү үчүн кызматкерлердин саны тууралу кеңири маалымат менен өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Техникалык тапшырмада тапшырманы аткарууга керектелүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана изилдөөлөр, болжолдонгон жыйынтыктоочу документтер саналып, ошондой эле сатып алуучу уюмдун жана консультанттардын милдеттери так аныкталууга тийиш.

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-41)  
Кийинки берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-43)
