# 4-статья. Мамлекеттик сатып алууларга катышуудан четтетүүнүншарттары

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 мая 2014 года № 70 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205290)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.05.2014 [Закон КР от 17 мая 2014 года № 70 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205290); 08.07.2011 [Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203331)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643077..643078>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 4-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-4

---

Талапкерлерди мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуудан четтетүү жөнүндө чечим сатып алуучу уюмдар тарабынан төмөндөгүдөй учурларда кабыл алынат: жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) сатып алуулардын жол-жоболору башталганга чейин эки жыл ичинде мамлекеттик сатып алуулардын эч болбогондо бир келишимин талаптагыдай аткарбаса; жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) банкрот деп жарыяланса же банкрот болуу процессинде турса; жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) салыктар жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карыз болсо; жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) же алардын жакын туугандары саясий мамлекеттик, саясий муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, ошондой эле прокуратура органдарында жана башка укук коргоо органдарында кызмат орундарын ээлеген аффилирленген жак болуп саналышса. (КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88, 2014-жылдын 17-майындагы № 70 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-5)
