# 38-статья. Бир жерден сатып алуулар жана аларды колдонуу шарттары

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2013 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203956)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.07.2013 [Закон КР от 17 июля 2013 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203956); 08.07.2011 [Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203331)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643076..643077>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 38-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-38

---

1. Бир жерден сатып алуулар - бул мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу, бул учурда сатып алуучу уюм бир гана жөнөтүүчү (подрядчы) менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин сатып алуулар жөнүндө келишимге кол коет.

2. Сатып алуучу уюм ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлап, бир булактан сатып алууну төмөнкү учурларда өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу:

- мурдагы ченемдер, параметрлер жана стандарттар боюнча мурдагы сатып алуунун наркынын 10 пайызынан ашпаган келишим түзүлгөн учурдан тартып 6 айдын ичинде кошумча заказдарды жүзөгө ашырууга;

- максималдуу чектелген суммадан ашпаган суммага изилдөөлөрдү, эксперименттерди өткөрүүгө же илимий корутундуларды даярдоого;

- минималдуу чектелген суммага чейин жыл бою чыгымдардын ар бир беренеси боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;

- жазык-аткаруу системасынын (пенитенционардык) мекемелеринен жана ишканаларынан товарларды сатып алууга;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ички жөнөтүүчүлөрдүн тизмегине ылайык товарларды сатып алууга;

- искусство же маданият жаатындагы чыгармачылык долбоорду же чыгармачылык ишти аткаруу үчүн сатып алууларды жүзөгө ашырууга;

- (сегизинчи абзац КР 2013-жылдын 17-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (тогузунчу абзац КР 2013-жылдын 17-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- токтоосуз калыбына келтирүүнү талап кылган, форс-мажордук кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;

- монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган белгилеген баалар боюнча табигый монополиянын субъекттеринен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;

- дипломатиялык протоколду камсыз кылуу менен байланышкан сатып алууга;

- күн сайын керектелүүчү товарларды сатып алуунун шашылыш зарылдыгы пайда болгондо. Сатып алуучу уюм күтүүсүз жагдайларга байланыштуу бир булактан алуу усулу менен сатып алуу жүргүзүүгө укуктуу, мында сатып алуучу уюм аталган жагдайлар пайда болгон учурдан баштап бир айдын ичинде тендерди милдеттүү түрдө өткөрөт.

3. Сатып алуучу уюм күтүүсүз жагдайларга байланыштуу сатып алуунун шашылыш зарылдыгы пайда болгон учурда бир булактан сатып алууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүргүзө алат.

(КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88, 2013-жылдын 17-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-37-1)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-39)
