# 37-статья. Котировкаларды суратуу жол-жоболору

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 37-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-37

---

1. Ар бир жөнөтүүчүгө бир гана баа котировкасын берүүгө уруксат берилет жана аны өзгөртүүгө уруксат берилбейт. Баа котировкасы жагынан сатып алуучу уюм менен жөнөтүүчүнүн ортосунда эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөйт.

2. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим сатып алуучу уюм тарабынан сатып алуучу уюмдун талаптарын канааттандырган эң төмөнкү баадагы котировканы берген жөнөтүүчү менен түзүлөт.

3. Котировкаларды суратуу усулу менен сатып алууларды өткөргөн учурда сатып алуучу уюм Мамлекеттик сатып алуулардын Бюллетенине кулактандыруу жарыялайт, котировкаларды берүү мөөнөтү кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып бир жумадан кем болбоого тийиш.

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-36)  
Кийинки берене: [37-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-37-1)
