# 37-1-статья. Электрондук сатып алуулар жана электрондук кайтарылуучу аукцион

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-37-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 37-1-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-37-1

---

1. Мамлекеттик электрондук сатып алуулар - бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте реалдуу мезгилдин режиминде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну камсыз кылган, маалыматтык системаларды жана электрондук маалыматтык ресурстарды колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик сатып алуулар.

2. Электрондук кайтарылуучу аукцион - бул мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу, мында сатып алуучу уюм өзгөчөлүгү олуттуу мааниге ээ болбогон товарларды сатып алууну жүзөгө ашырат, мында баа чечүүчү шарт болуп саналат.

3. Сатып алуучу уюм өзү товар үчүн төлөөгө даяр болуп, баштапкы бааны белгилейт, ал эми жөнөтүүчүлөр баалык планканы ырааттуу төмөндөтүү менен өздөрүнүн сунуштарын беришет.

4. Кайтарылуучу аукциондун жеңүүчүсү болуп заказды аткаргандыгы үчүн абдан төмөн наркты сунуш кылган аукционер саналат.

5. Эгерде абдан төмөн бааны бир нече жөнөтүүчүлөр сунуш кылса, анда сунушту башка жөнөтүүчүлөрдөн мурда берген жөнөтүүчү жеңүүчү деп табылат.

6. Электрондук кайтарылуучу аукцион жолу менен мамлекеттик сатып алуу реалдуу мезгилдин режиминде жана максималдуу чектелген суммадан аз суммада товарларды сатып алууну камсыз кылган электрондук соода системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.

(КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-37)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-38)
