Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
37-1-статья. Электрондук сатып алуулар жана электрондук кайтарылуучу аукцион
Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72.
1. Мамлекеттик электрондук сатып алуулар - бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте реалдуу мезгилдин режиминде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну камсыз кылган, маалыматтык системаларды жана электрондук маалыматтык ресурстарды колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик сатып алуулар.
2. Электрондук кайтарылуучу аукцион - бул мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу, мында сатып алуучу уюм өзгөчөлүгү олуттуу мааниге ээ болбогон товарларды сатып алууну жүзөгө ашырат, мында баа чечүүчү шарт болуп саналат.
3. Сатып алуучу уюм өзү товар үчүн төлөөгө даяр болуп, баштапкы бааны белгилейт, ал эми жөнөтүүчүлөр баалык планканы ырааттуу төмөндөтүү менен өздөрүнүн сунуштарын беришет.
4. Кайтарылуучу аукциондун жеңүүчүсү болуп заказды аткаргандыгы үчүн абдан төмөн наркты сунуш кылган аукционер саналат.
5. Эгерде абдан төмөн бааны бир нече жөнөтүүчүлөр сунуш кылса, анда сунушту башка жөнөтүүчүлөрдөн мурда берген жөнөтүүчү жеңүүчү деп табылат.
6. Электрондук кайтарылуучу аукцион жолу менен мамлекеттик сатып алуу реалдуу мезгилдин режиминде жана максималдуу чектелген суммадан аз суммада товарларды сатып алууну камсыз кылган электрондук соода системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
(КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-37-1" title="37-1-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>