# 36-статья. Котировкаларды суратуу түшүнүгү

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2008 года № 172 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/202383)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643070..643071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 36-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-36

---

1. Котировкаларды суратуу - бул мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу, анын учурунда сатып алуучу уюм атаандаштыкты жана мыкты сунушту натыйжалуу тандап алууну камсыз кылуучу саны үчтөн кем болбогон жөнөтүүчүлөрдөн товарлардын котировкасын сурайт.

Котировкаларды суратуу усулу белгиленген стандарттагы сапаттуу товарлары жана эң көп чектелген суммадан азыраак суммага сатып алуулар болгон учурда колдонулат.

2. Котировкасы суралып жаткан ар бир жөнөтүүчүгө товарлардын өзүнө кеткен чыгымдардан тышкары баага дагы башка кандайдыр бир элементтер, жеткирүүгө, камсыздандырууга, бажы алымдарын жана салыктарды төлөөгө кеткен чыгымдар кошула турганы кошумча түрдө билдирилет.

(КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-37)
