# 32-статья. Кош этаптуу тооруктун түшүнүгү

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 32-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-32

---

1. Кош этаптуу тооруктун жол-жобосу төмөндөгүдөй учурларда колдонулат, мында:

- кош этаптуу тоорукту өткөрүүнүн жол-жобосунун биринчи этабында бардык жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) тендердик табыштамалардын баасын көрсөтпөстөн баштапкы тендердик табыштамаларды берүү сунуш кылынат. Сатып алуучу уюмдун товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык, сапаттык жана дагы башка мүнөздөмөлөрүнө тиешелүү болгон сунуштарды, аларды жеткирүүнүн келишимдик шарттарын, керек болгон учурда, жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) кесиптик жана техникалык компетенттүүлүгүн жана квалификациялык маалыматтарын тартат. Кош этаптуу тооруктун жол-жоболорунун бул этабында сатып алуучу уюм тендердик табыштамасы четке кагылбаган жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) кимиси менен болсо да сүйлөшүү жүргүзүүгө укуктуу. Биринчи этапта тендердик табыштаманын кепилдик жактан камсыз кылуусу берилбейт;

- сатып алуучу уюм кош этаптуу тооруктун жол-жоболорунун экинчи этабында тендердик табыштамалары четке кагылбаган, биринчи этапка катышкан талапкерлерге бааларын көрсөтүү менен акыркы тендердик табыштамаларды берүүнү сунуш кылат. Мындай сатып алуучу уюм баштапкы ар кандай тендердик документтерде белгиленген сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык же сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн жагдайын ошондой эле бул документтердеги баштапкы тендердик табыштамаларды баалоо жана салыштыруу үчүн колдонулуучу жана жеңип чыккан табыштамаларды аныктоо үчүн пайдаланылуучу чен-өлчөмдөрдү алып салат же ага өзгөртүү киргизе алат жана/же ушул Мыйзамга ылайык келген жаңы мүнөздөмөлөрдү же чен-өлчөмдөрдү кошумчалай алат. Мындай алып салуулардын, өзгөртүүлөрдүн же кошумчалардын ар бири тууралу тендердик табыштамалары четке кагылбаган жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) берилген акыркы тендердик табыштамаларды берүү жөнүндөгү чакыруу кагазында айтылат.

2. Эгерде ушул главада башкасы каралбаса, кош этаптуу тооруктун жол-жобосун өткөргөн учурда чектелбеген катышуу менен тоорукту өткөргөндөгүдөй жол-жоболор колдонулат.

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-33)
