32-статья. Кош этаптуу тооруктун түшүнүгү
Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72.
1. Кош этаптуу тооруктун жол-жобосу төмөндөгүдөй учурларда колдонулат, мында:
- кош этаптуу тоорукту өткөрүүнүн жол-жобосунун биринчи этабында бардык жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) тендердик табыштамалардын баасын көрсөтпөстөн баштапкы тендердик табыштамаларды берүү сунуш кылынат. Сатып алуучу уюмдун товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык, сапаттык жана дагы башка мүнөздөмөлөрүнө тиешелүү болгон сунуштарды, аларды жеткирүүнүн келишимдик шарттарын, керек болгон учурда, жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) кесиптик жана техникалык компетенттүүлүгүн жана квалификациялык маалыматтарын тартат. Кош этаптуу тооруктун жол-жоболорунун бул этабында сатып алуучу уюм тендердик табыштамасы четке кагылбаган жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) кимиси менен болсо да сүйлөшүү жүргүзүүгө укуктуу. Биринчи этапта тендердик табыштаманын кепилдик жактан камсыз кылуусу берилбейт;
- сатып алуучу уюм кош этаптуу тооруктун жол-жоболорунун экинчи этабында тендердик табыштамалары четке кагылбаган, биринчи этапка катышкан талапкерлерге бааларын көрсөтүү менен акыркы тендердик табыштамаларды берүүнү сунуш кылат. Мындай сатып алуучу уюм баштапкы ар кандай тендердик документтерде белгиленген сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык же сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн жагдайын ошондой эле бул документтердеги баштапкы тендердик табыштамаларды баалоо жана салыштыруу үчүн колдонулуучу жана жеңип чыккан табыштамаларды аныктоо үчүн пайдаланылуучу чен-өлчөмдөрдү алып салат же ага өзгөртүү киргизе алат жана/же ушул Мыйзамга ылайык келген жаңы мүнөздөмөлөрдү же чен-өлчөмдөрдү кошумчалай алат. Мындай алып салуулардын, өзгөртүүлөрдүн же кошумчалардын ар бири тууралу тендердик табыштамалары четке кагылбаган жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) берилген акыркы тендердик табыштамаларды берүү жөнүндөгү чакыруу кагазында айтылат.
2. Эгерде ушул главада башкасы каралбаса, кош этаптуу тооруктун жол-жобосун өткөргөн учурда чектелбеген катышуу менен тоорукту өткөргөндөгүдөй жол-жоболор колдонулат.
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-32" title="32-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>