# 29-статья. Тоорукту токтотуу жана болгон жок деп таануу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203331)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.07.2011 [Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203331); 28.07.2008 [Закон КР от 28 июля 2008 года № 172 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/202383)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643072..643073>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 29-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-29

---

1. Эгерде сатып алууларды өткөрүү кырдаалдын күтүлбөгөн жерден

олуттуу өзгөрүшүнө байланыштуу мамлекеттин таламдарына дал келбей калса, сатып алуучу уюм тоорукту токтотот. 1-1. Сатып алуучу уюм төмөнкүдөй учурларда тоорукту болгон жок деп тааныйт: бардык арыздар четке кагылганда; аудитордун корутундусунун негизинде; тендердик арыздын эң аз баасы сатып алуучу уюм тарабынан сатып алууларды өткөрүүгө бөлүнгөн суммадан ашып кетсе.

2. Тооруктуу токтотуу жөнүндөгү кабарламада сатып алуучу уюм бул негиздемелердин тууралыгынын далилин келтирбестен, тоорукту токтотууга негиз болгон себептерди көрсөтөт.

3. Сатып алуучу уюм бардык талапкерлерге ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн кабарламаларды токтоосуз жиберет.

4. Сатып алуучу уюм табыштамалардын бардыгы четке кагылган учурда талапкерлердин алдында эч кандай жоопкерчилик тартпайт.

5. Ушул статьянын 1-1-пунктуна ылайык тоорук болгон жок деп таанылган учурда сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын башка усулу менен кайталап тоорук өткөрө алат.

(КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 172, 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-30)
