# 27-статья. Тендердик табыштамаларга баа берүү жана салыштыруу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 мая 2013 года № 84 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики « О государственных закупках»"](https://aqlex.ai/kg/doc/203892)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.05.2013 [Закон КР от 30 мая 2013 года № 84 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики « О государственных закупках»"](https://aqlex.ai/kg/doc/203892); 12.12.2011 [Закон КР от 12 декабря 2011 года № 235 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203479)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643075..643076>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 27-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-27

---

1. Тендердик табыштамаларды тандап алуу жол-жобосун өткөргөн учурда ушул Мыйзамда жана тендердик документтерде каралган жол-жоболор жана чен-өлчөмдөр гана пайдаланылат.

2. Берилген табыштамаларга баа берүүнүн жүрүшүндө сатып алуучу уюм жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) өздөрүнүн тендердик табыштамаларына түшүнүк берүүсүн сурап, кайрыла алат.

3. Тендердик табыштамалардын маани-мазмунуна, анын ичинде баанын өзгөрүшүнө эч кандай өзгөртүү киргизүүгө же болбосо берилген тендердик табыштама жагынан сатып алуучу уюм менен талапкерлердин ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт.

4. Тендердик документтердин талаптарынын маани-мазмунуна жооп берген жана эң төмөн бааланган наркы бар тендердик табыштама, ушул берененин 5-пунктунда каралган ченемдерди кошпогондо, уткан тендердик табыштама деп таанылат.

5. Инсулин сыяктуу өмүр бою кабыл алынуучу дары-дармектерди мамлекеттик сатып алууда жеке көтөрүмдүүлүк эске алынышы керек, мында эң төмөн бааланган наркы аныктоочу болуп саналбайт.

(КР 2011-жылдын 12-декабрындагы № 235, 2013-жылдын 30-майындагы № 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-28)
