# 26-статья. Тендердик табыштамаларды ачуу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1455)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 24-майындагы №69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""](https://aqlex.ai/kg/doc/203331)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455#diff=643072..643073>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1392/edition/643070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1455/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 26-статья (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-26

---

1. Тендердик табыштамалар тендердик документтерде көрсөтүлгөн мөөнөттө жана белгиленген жерде ачылат. Тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү узартылган учурда алардын ачылышы тиешелүү күндө жүргүзүлөт. Тендердик табыштамаларды ачуунун мөөнөтү тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө дал келүүгө тийиш.

2. Сатып алуучу уюм кызыкдар тараптардын катышуусунда тендердик табыштамаларды ачууну жүргүзөт.

Тендердик табыштамаларды ачууга бардык каалоочулардын катышуусуна уруксат берилет. Катышуучуларга аудиожазууларды жана видеотартууларды жүргүзүүгө уруксат берилет. Тендердик комиссиянын жыйынына катышкан адамдар тендердик комиссиянын ишине кийлигишүүгө укуксуз.

3. Табыштамасы ачылган ар бир талапкердин аталышы жана дареги, ошондой эле тендердик табыштаманын баасы, кепилдик камсыз кылуунун формалары, өлчөмдөрү, салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздар тендердик табыштамаларды ачууда катышкан адамдарга токтоосуз жарыяланат жана тендердик табыштамаларды ачуунун протоколунда белгиленет. Протоколдун көчүрмөсү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз жиберилет жана Мамлекеттик сатып алуулардын бюллетенинде жарыяланат.

4. Ушул статьянын 3-пунктунда каралган маалыматтар тендердик табыштамаларды ачкан учурда катышпай калган талапкерлерге алардын расмий өтүнүчү боюнча билдирилет.

(КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1455/st-27)
